• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызстанга Беларустун премьер-министри Роман Головченко келди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий