• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өрттүн аянты 3 миң чарчы метр. Кара-Балтада дүкөндөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт саат 16:25те толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 09:14төн тарта жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 10:40та чектөөгө алынган.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен дүкөндөгү бардык курулуш товарлары жана "Mercedes " үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзөт.

Жабыркагандар катталган жок

Пикир

Оставить комментарий