Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды,-деп кабарлайт ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-майда болжол менен очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун, Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2-2,5 балл сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий