КР акыйкатчысы мигранттардын укуктарын коргоо боюнча бир катар сунуштарды айтты

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы мигранттардын акысыз медициналык тейлөө, социалдык камсыздандыруу, билим алуу укуктарын камсыздандыруу жаатында КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчыларын өз ара аракеттенүүгө чакырды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, 27-июнда Санкт-Петербург шаарында КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын отуруму өтүп, Жамиля Жаманбаева мигранттардын укуктары чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштарды ортого салды.

“Мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эмгек мигранттары пенсия жана жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган пенсиялык келишим түзүү маселесинин үстүндө иштөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Пенсия жана жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгү аталган мамлекеттин жарандыгы бар эмгек мигранттарына жана убактылуу жашоого уруксаты бар жарандарга бирдей болуусун сунуштайбыз”, - деди ал.

Ошондой эле Жаманбаева ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында иштеген жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жашы жете электерге милдеттүү медициналык кароодон өтүү үчүн куракты 6 жаштан 14 жашка чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароо керектигин айтты.

Буга улай Казакстан жана Кыргызстан өз ара айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарамдуулугун таануу боюнча келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарылдыгы сунушталды. Мындан тышкары Жамиля Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчыларын адам сатуудан жапа чеккен жабырлануучуларды биргелешип колдоого чакырды.

Белгилей кетсек, жыйында Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын Акыйкатчы институттары, ошондой эле Беларустун тиешелүү мамлекеттик органдары өз өлкөсүндөгү миграциялык мыйзамдарга талдоо жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий