• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин 4-кичирайонунда сейил бак курулуп, павильондор демонтаждалат

Коом 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбордун 4-кичирайонуна барды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмалар коюлду.

Мэриядан кошумчалашкандай, баскетбол аянтчасын Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк департаментинин балансына өткөрүп берүү боюнча ченемдик документти ылайыкташтыруу тапшырылды. "ЧГЕШ Еврей мектеби" окуу-тарбия борборунун жанындагы стихиялык унаа токтотуучу аймакты жашылдандыруу жана жөө жүрүүчүлөрдүн тротуарларын уюштуруу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылга курулуш объектилеринин титулдук тизмесинде №17 мектептин түндүк тарабында кичирайондун тургундары үчүн сейил багын уюштуруу каралган. Башкармалыкка ошондой эле мектептин айланасына орнотулган тосмолорду реконструкциялоону камсыз кылуу тапшырылды.

Орнотулган павильондор боюнча аларды кийинчерээк демонтаждоо менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартпоо, ошондой эле жашыл аймакты жакшыртуу иштерин тез арада жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий