• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жапаров Чүйдүн дыйкандары менен айыл чарбасындагы актуалдуу маселелерди талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна иш сапарынын алкагында фермерлер, айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, район акимдери, жергиликтүү кеңештин депутаттары да катышты.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишов жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрлер кабинетинин айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүүгө багытталган чечиминин негизги милдеттерин атап өттү.

Анын айтымында, токтом айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын, айыл чарба продукцияларынын рыногун мындан ары өнүктүрүү, агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын жогорулатуу, агрардык секторду стимулдаштыруу максатында кабыл алынган.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарга токтолду.

Ал белгилегендей, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга – 1,5 млрд сом, сугат иштерине 1 млрд сом бөлүнгөн.

«2021-жылы «Айыл чарбасын каржылоо-9» программасынын алкагында 10 407 айыл чарба өндүрүүчүсү жеңилдетилген насыяларды алган. Быйылкы жылы да айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү пайыз менен насыя берүүгө каражат бөлүнүүдө. Ошондой эле айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрдү жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Биз натуралдык чарбадан соода жүргүзүүчү айыл чарбасына өтүшүбүз керек, дыйкандардын натыйжалуу иштеши үчүн техника, үрөн, алдыңкы технологиялар, өндүрүлгөн продукцияны сатуу рыноктору менен камсыз кылып, бардык зарыл шарттарды түзүүбүз керек», - деди ал.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий