КР делегациясы Нью-Йоркто БУУнун суу ресурстары боюнча конференциясына катышууда

Саясат 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы 22-24-мартта Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өтүп жаткан БУУнун Суу ресурстары боюнча конференциясынын ишине катышууда. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР делегациясынын курамына Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү кирген.

22-мартта конференциянын алкагында Кыргыз Республикасы Италия, ЮНЕСКО, Тоо шериктештиги, "БУУ-Суу ресурстары" жана Ага-Хан Хабитат агенттиги менен бирдикте "Суу ресурстары тармагындагы өнөктөштүк жана кызматташтык: Дүйнөлүк суу ресурстарынын абалы жөнүндө 2023-жылга карата БУУнун Отчетунун негизги корутундулары жана өлкөлөрдүн тажрыйбасы" деген темада кошумча иш-чара өткөрдү.

Бул кошумча иш-чаранын жүрүшүндө КР ТИМ өкүлү Анвар Анарбаев билдирүү жасап, Кыргызстан ар дайым кызматташууну жактаарын жана суу ресурстарын пайдалануу маселелери мамлекеттердин кызыкчылыктарын өз ара эске алуу менен ачык жана конструктивдүү диалог аркылуу гана чечилиши мүмкүн жана чечилиши керек деп эсептей турганын белгиледи.

Ошондой эле КР делегациясы суу ресурстарынын баалуулугун таануу жана эсептөө, чечимдерди кабыл алууда аны эске алуу суу ресурстарын туруктуу жана адилеттүү башкаруу үчүн маанилүү экенин билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын өкүлдөрү "Суу туруктуу өнүгүү үчүн: суунун баалуулугу, суу, энергетика жана азык-түлүк жана туруктуу экономикалык жана шаарларды өнүктүрүүнүн ортосундагы байланышы", "Искусстводон аракетке: Арал аймагын кайра жаратуу үчүн чөлдү токойго айландыруу", "Суу энергетикасына өтүү үчүн суу-энергетика-азык-түлүк-чөйрө байланышын кабыл алуу" аттуу кошумча иш-чараларга катышты.

Пикир

Оставить комментарий