• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

КР делегациясы Ташкентте өтүп жаткан эл аралык диний конференцияга катышууда

Коом 0

Ташкент, 15.10.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Бүгүн Ташкент шаарында "Ислам – тынчтык жана жакшылыктын дини" деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин кабарчысы окуя жайынан билдирет.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевтин конференция катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда, учурдагы чукул ааламдашуу шартында Исламдын баалуулуктарын, анын тынчтыкты сүйүүчү маңызын кеңири жайылтуу, жаштарды диний толеранттуулуктун жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоо духунда тарбиялоо чоң мааниге ээ экендиги баса белгиленет.

Форумдун алкагында Ислам баалуулуктарын сактоодо Мотуридинин окууларынын ролу, ааламдашуу шартында Ислам дини, боорукеңдик жана толеранттулук, ошондой эле азыркы замандагы идеологиялык коркунучтарды алдын алуу маселелери талкууланууда.

Форумда дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнөн 80ден ашуун ислам таануучулары жана окумуштуулары, илимий изилдөөчүлөрү жана эксперттери катышууда.

Алардын ичинде Кыргызстан дин башкармалыгынын төрагасы шейх Абдулазиз Закиров, ОшМУнун телогия факультетинин деканы, профессор Зайлабиддин Ажимаматов, Кыргызстан дин башкармалыгынын бөлүм жетекчиси Султанали Гапуров жана Жогорку Кенештин экс-депутату Алишер Сабиров бар.

Иш-чара 16-октябрда Хива шаарында уланат.

Пикир

Оставить комментарий