• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

КР эгемендүүлүгүнө 30 жыл. Түркиянын Гази университетинде сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата кечээ, 5-ноябрда Түркиянын Гази университетинде сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Сүрөт көргөзмөнү элчи Кубанычбек Өмүралиев менен университеттин ректору Муса Йылдыз ачып, мындай иш-чаралар эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын чыңдоого салым кошуп жатканын белгилешти. Иш-чарага ошондой эле проректорлор, окутуучулар, студенттер жана университеттин кызматкерлери катышты.

Көргөзмөдө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлду.Бул сүрөт көргөзмөсү акыркы төрт айдан бери ар кандай жайларда өткөрүлүп келе жаткан көргөзмөлөрдүн уландысы. Көргөзмө 2021-жылдын 12-ноябрына чейин уланат.

Белгилей кетсек, сүрөт көргөзмөсү Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий