• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Эртең, 17-ноябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт:

  • Ак-Өргө (От-Араба, Камбаркан, Саадак, Жетиген көчөлөрү), Арча-Бешик (Эшпай, Сары-Камыш, Торгой, Абаданов көчөлөрү) конуштарында саат 09:00дөн 13:00гө чейин;
  • Элебесов, Фере, Эне-Сай, Арал, Скрябин, Днепропетровский көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Памир, Новостроевский, Бий көчөлөрүндө саат 09:00дөн 14:00гө чейин;
  • Алтын-Ордо (0-4-көчөлөрү), Ак-Босого (Чүй 52ден Чүй 55ге чейин, профессор Зима, Манас, Саадаев көчөлөрү) конуштарында саат 09:30дан 18:00гө чейин;
  • Баялинов, Федоров, Малиновая көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө саат 09:00дөн 15:00гө чейин;
  • Армавирский жана Салиева көчөлөрүндө саат 10:00дөн 17:00гө чейин;
  • Көлмө (Дастан, Тынчтык, Сейил, Козу-Баглан, Жийделүү, Алтын-Бешик көчөлөрү) конушунда саат 11:00дөн 17:00гө чейин;
  • Карадарыя жана Жантөшев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө саат 11:00дөн 18:00гө чейин;
  • Циолковск, Кривоносова, Айни көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Арча-Бешик (Матисаков, Ош-3000, Масыралиев, Ысык-Көл көчөлөрү) конушунда саат 13:00дөн 17:00гө чейин жарык өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий