КР Эл артисти Асанкул Осмоновдун эстелиги орнотулду

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бүгүн “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асанкул Осмоновдун эстелиги ачылды.

Маданитя министрлигинен билдиришкендей, эстеликке гүл коюлуп, куран окулган соң, замандаштары Асанкул Осмоновду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, кесиптештери, замандаштары жана жакындары эскерип сөз сүйлөштү.

Марат Тагаев өз сөзүндө Асанкул Осмонов жалаң гана кыргыздын эмес, башка улуттун пьесасындагы каармандарды дагы дал өзүндөй кылып ойной билген, бир пландагы эмес, ар тараптуу актёр болгонун жана жогорку чеберчиликте аткарган ролдорун белгилеп өттү.

Ошондой эле Кыргыз эл жазуучусу Кайрат Иманалиев, Кыргыз эл артисти Табылды Актанов, коомдук ишмер Кеңеш Жусупов, Кыргыз Улуттук драма театрдын директору Асылбек Өзүбеков Асанкул Осмоновдун талантын, адамдык асыл сапаттарын эскеришип, кыргыз профессионал искусство өнөрүнө үзүрлүү эмгек өтөп, из калтырып кеткен инсандын өмүр жолу үзүрлүү, үлгүлүү болгонун айтышты.

Асанкул Осмонов 2023-жылдын 26-мартында 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Анын театр жана кино жаатында кылган үзгүлтүксүз эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.

Актёр 60 жылга жакын Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенип, чыгармачылыктын чоң сапарын басып өткөн.

Пикир

Оставить комментарий