• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда 19 жергиликтүү кеңеш таркатылат - БШК

Коом 0

Бишкек, 30-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда 19 жергиликтүү кеңеш таркатылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинде 5 шаардык: Айдаркен, Кадамжай, Ташкөмүр, Кара-Балта жана Кемин, 14 – айылдык кеңеш.

“Себеби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу башчысын, тактап айтканда, шаар мэрин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысын өз убагында шайлай алышкан эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу башчысын 2 жолу шайлай албай калышса, БШК президентке бул кеңештерди таркатуу тууралуу кат жолдоо чечимин кабыл алат. Мамлекет башчы таркатуу тууралуу жарлыкка кол кюоп, мөөнөтсуз шайлоолорду белгилейт”, -деди ал.

Ошондой эле, А.Бекматов 19 кеңеш айыл өкмөтүн шайлоолордо кворум жоктугу, тактап айтканда депутаттардын 2/3 бөлүгү келбей калгандыгына байланыштуу таратыларын билдирди.

“Экинчиден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчысына талапкерлер добуштардын жарымынан көбүн ала алышкан жок. Мыйзам боюнча, мисалы, айылдык кеңеште 31 депутат болсо, анда талапкер аз болгондо 15 добуш алышы керек”, - деп түшүндүрдү ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары кворум жоктугунан, өз алдынча таркап кетүү тууралуу билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий