Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дирижёр Сагынбек Акматалиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Сагынбек Акматалиев 1952-жылы 1-декабрда Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында туулган.
1967-жылы - М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында,
1972-1976-жылдары - Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда, кийин 2005-жылы «Оркестрдин дирижеру» факультетинин профессору Насыр Давлесовдун классында окуп, артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1970-жылы окуп жүргөндө эле Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине музыкант-кыякчы катары келип кирген. Кийин оркестрдин концертмейстери, “Атай” атындагы комузчулар ансаблинин жетекчиси болуп иштеп, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде гастролдо болгон.
2005-жылдан 2022-жылга чейин улуу дирижер А.Жумакматов жана Э.Жумабаевдердин сунуштамасы жана оркестрдин жамаатынын чечими менен оркестрге башкы дирижёр жана көркөм жетекчи болуп иштеген.
Ал эми 2022-жылдан тартып, аталган оркестрдин дирижёру болуп иштеп жаткан.
Оркестрдин жана комузчулар ансамблинин курамында көптөгөн союздук жана эл аралык конкурс-фестивалдардын катышуучусу жана лауреаты болгон. Чебер комузчу-кыякчы катары эле эмес, аранжировщик катарыдагы кеңири белгилүү болуп, эки жолу “Жылдын мыкты аранжировщиги” наамына татыган. Оркестр үчүн: “Араман” (Т. Казаков), “Сагындым туулган жер сени” (Р. Абдыкадыров), “Үзүлбөгөн үмүттөр” (С. Жумалиев) жана ошондой эле А. Бедияровдун, Э. Мааданбеков, А. Керимбаев, К. Эралиева, А. Бөдөшов, Н. Давлесов, С. Бактыгулов, Т. Чокиев жана башка обончу-композиторлордун чыгармаларын; Н. Абдрахмановдун “Соң-Көл баяны”, “Алтын балалык”; Ш. Шеркуловдун “Жүрөк толкуйт”, “Эргиме”; А.Огонбаевдин “Маш Камбаркан”; А. Бөдөшовдун “Заман закымдары”, “Бекназар баатыр арманы”; комуз менен кыл-кыяк оркестр үчүн Р. Жумабаевдин “Эрке-Сары”, элдик күү “Келиндердин эрке күү”, С. Бекмуратовдун “Тон жылкысы” сыяктуу жана башка 200 гө жакын ыр-күүлөрдү иштеп чыккан.
Сагынбек Акматалиевдин кыргыз улуттук музыкасынын өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы жогору бааланып:
1987-жылы - Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасына;
1994-жылы - «Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти» ардактуу наамына;
2011-жылы - «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамына ээ болгон.
Пикир
Оставить комментарий