КР элчиси Дания ТИМнин Мампротокол башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-октябрында резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Кыргызстандын Дания Падышачылыгындагы элчиси Эрлан Абдылдаев Даниянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун башчысы Ове Уллерупке ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Даниянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун башчысы Ове Уллеруп элчи Эрлан Абдылдаевди резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Даниянын Кыргызстандын элчисинин кызматына киришүүсү менен куттуктап, Даниянын Тышкы иштер министрлиги элчинин миссиясын ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтөрүнө ишендирди.

Элчи Эрлан Абдылдаев каалоо-тилектер үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-даниялык ар тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн бардык күчүн жумшай турганын белгиледи. Жолугушууда маектештер эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу саясий жана соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү боюнча пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий