• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда дагы 96 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 24.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 24-октябрга карата коронавирус дагы 96 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 52, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 54 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 689 бейтап, амбулатордук түрдө 653 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 563 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 61 киши айыгып чыкса, 2 миң 653 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий