КР элчиси Румыния ТИМнин мамкатчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-сентябрында резиденциясы Киев шаарында жайгашкан Кыргызстандын Румыниядагы элчиси Жусупбек Шарипов Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Д.Некулэескуга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Д.Некулэеску Кыргызстандын Румыниядагы элчиси Ж.Шариповго салам айтып, аны расмий кызматка киришүүсү менен куттуктады. Румыния Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилери боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде, элчи Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Д.Некулэескуга ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырып, эки тараптуу күн тартибинин маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча кызматташууну талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи Ж.Шарипов эки мамлекеттин кызыкчылыгында өз ара пайдалуу саясий, соода -экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшарын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар саясий диалогду, ишкердик байланыштарды активдештирүүнү, ошондой эле саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектрин кароо үчүн ТИМдер аралык консультацияларды өткөрүүнү макулдашты.

Сүйлөшүү конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий