Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев U-20 жаштар курамасынын оюнчулары, команданын машыктыруучулук жана административдик штабынын мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу биримдиктен билдиришти.
Чогулушка КФБ аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Салымбеков, башкы катчысы Медербек Сыдыков жана Жалал-Абад шаарынын "Барселона" футбол академиясынын президенти Айбек Алыбаев катышты.
Эскертсек, 2025-жылкы Азия кубогуна даярдыгын улантуу үчүн 3-январдан тарта курама Испаниянын Аликанте шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Машыгуулар Pinatar базасында өтөт.
КФБ башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын футбол боюнча курамасы алгачкы жолу Европа өлкөсүндө жыйын өткөрө тургандыгын белгилеп, андан үзүрлүү жыйынтык болооруна ишенерин айтты. Окуу-машыгуу жыйын үчүн кураманын делегациясын Айбек Алыбаев жетектеп барат.
Пикир
Оставить комментарий