• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкектин 140 жылдыгына карата калаада көк бөрү боюнча турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Бишкекте 23нөн 28-апрель күндөрү көк бөрү боюнча турнир өтөт. Иш-чара Бишкектин 140 жылдыгына арналган. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Биринчи орун үчүн Сары Өзөн, Кара-Балта, Арашан, Төш булак, Четинди, Көк жал, Аафият, Эмгек талаа, Долон, Кеңешбек Ата жана Бакубат Талас (Мурас) курамалары ат салышат.

Мелдеш “Ак Кула” ат майданында өтөт.

Белгиленгендей, калаа тургундары жана коноктору иш-чарага акысыз кире алышат.

Ушундай эле турнир 4-9-май күндөрү Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтөт. Курамалар 25-апрелге чейин билдирүү калтырышса болот.

Эске сала кетсек, быйыл Бишкек өзүнүн 140 жылдыгын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий