• 87
  • 90.41
  • 0.84

КР ИИМдин делегациясы ЖККУнун кезектеги Координациялык кеңешинин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Күн мурун Минск шаарында КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов башында турган делегациясы ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 25-отурумуна катышты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарга каршы ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков катышты.

Отурумдун катышуучулары үстүбүздөгү жылы өткөрүлгөн негизги иш-чараларынын, анын ичинде "Канал-Аракс" жана "Канал-Перехват" субрегионалдык баңгизаттарга каршы операцияларынын жыйынтыктарын чыгарышты.

ЖККУга мүчө мамлекеттерде баңги кырдаалын өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларын жана баңгизаттарга, өзгөчө синтетикалык баңгизаттарды жайылтууга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 2024-жылга карата пландарын бекитишти.

Пикир

Оставить комментарий