• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР элчиси менен Сауд Аравиянын ИИМ башчысынын орун басары кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов өлкөнүн ички иштер министринин орун басары д-р Хишам Абдулрахман Аль-Фалех менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин өсүү динамикасын канааттануу менен белгилешти, ошондой эле терроризмге, экстремизмге, кибер жана баңги кылмыштарына каршы күрөшүүдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошону менен бирге тараптар жогоруда айтылган актуалдуу маселелер боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Мындан тышкары белгиленген кылмыштардын өсүп бара жаткан коркунучу эл аралык укук коргоо потенциалын жана кылмыш ишинин салттуу жана жаңы түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүнү талап кылаары белгиленди.

Тексттери буга чейин эки өлкөнүн эксперттик топтору менен макулдашылган жана кол коюу стадиясында турган кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү, соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана эктрадициялоо тууралуу келишимдерге өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде Хишам Абдулрахман Аль-Фалех Кыргыз Республикасынын жана Сауд Аравия Падышалыгынын Ички иштер министрликтери менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана өнүктүрүү максатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан Сауд Аравия Падышалыгынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигин өздөрүнө ыңгайлуу убакта иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий