• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чек арадагы массалык мушташ. Шектүүнүн үй-бүлөсү УКМК кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн

Кырсык 0


Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Улуттар аралык жаңжалды жаратучууларды кармоодо активдүү каршылык көрсөтүшкөндөр боюнча.

2023-жылдын 23-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу "Бек-Абад" текшерип өткөрүү пунктунун жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген адамдар тобунун ортосунда массалык мушташ болгон. Ошол эле учурда конфликтте улуттар аралык мүнөздөгү белгилер болгон. Окуя болгон жерге УКМКнын кызматкерлери келип видеого тартып алышкан, бирок жаңжалдын айрым катышуучулары агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, чагымчыл аракеттерге барып, чек арачыларды коркутуп-үркүтүшкөн.

УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгы улуттар аралык чыр-чатактын чыгышына жол бербөө жана аны уюштуруучулардын кылмыштуу аракеттерин документтештирүү максатында алардын тергөө органына келишин камсыз кылуу чаралары көрүлгөн.

Бирок, 1971-ж.т. И.Д.Э. аттуу жаран тергөө органына келүүдөн баш тарткан. Кийинки күнү 24-октябрда И.Д.Э. аттуу жаранды алып келүү учурунда анын үй-бүлө мүчөлөрү активдүү каршылык көрсөтүшүп, УКМКнын кызматкерлеринин денесине залал келтиришип, шектүүнү алып кетүүгө аракет кылышып, кызматтык унааларга таш ыргытышкан.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" боюнча И.Д.Э. жана И.Э.Д. аттуу жарандар УКМКнын Жалал-Абад башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК мүмкүн болгон улуттар аралык чыр-чатактын уюштуруучуларына жана активдүү катышуучуларына мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий