Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 2 алтын, 2 коло медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Казакстандын Астана шаарында өткөн мелдеште 80 кг чейинки салмакта өспүрүмдөр арасында (16-17 жаш) Адахан Касымалиев жана жаштар арасында (18-23 жаш) Дильшат Именов 57 кг чейинки салмак категориясында жеңүүчү аталды.
Ал эми өспүмүмдөр арасында Абдурахим Абдилданов (62 кг) жана Абдурахман Абдилданов (67 кг) коло медалга ээ болду.
Пикир
Оставить комментарий