• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнөлүк рейтингде эки сапка көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 31.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын эркектер арасында хоккей боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде эки сапка көтөрүлдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк хоккей федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Рейтингге ылайык, Кыргызстан эки сапка көтөрүлүп, 50 орунга жайгашты. Тизмеге жалпы 55 курама команда кирген.

Ал эми тизменин сап башында Финляндия турса, андан кийин Канада, Россия жана АКШнын курамалары турат.

Эскерте кетсек, Бишкекте 3-8-март аралыгында 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы жеңүүчү аталган.

Нет описания.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий