• 87
  • 90.43
  • 0.88

КР хоккей командасы III дивизиондун командалары арасында дүйнө чемпиондугун жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей курама командасы III дивизиондун (В тобу) командалары арасындагы дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жыйынтыктоочу оюнда кыргызстандык спортчулар Гонконгду 12:2 эсеби менен жеңишти. Бул алардын кийинки жылы өтүүчү үчүнчү дивизиондун А тобуга чыгууга мумкүндүк берди. Беш раунддун жыйынтыгы менен Кыргызстандын командасы мүмкүн болгон 15 упайдан 15 упайга ээ болду. Жалпысынан КР командасы 76 гол киргизип, 5 гол өткөрүп жиберген.

Белгилей кетсек, турнир 27-февралдан 5-мартка чейин Босния-Герцеговинада өтүп, бир айлампада беттешкен 6 команда катышкан. Ар бир команда 5 оюн өткөрдү.

Эскерте кетсек, өткөн жылы КР хоккей курама командасы төртүнчү дивизиондун командалары арасында дүйнө чемпиондугун жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий