• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте өткөн эл аралык жеңил атлетика боюнча турнирдин жыйынтыктары

Спорт 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Бишкекте олимпиадалык чемпион Мария Пингинанын байгелерине жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдештер өткөн дем алыш күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Кыргызстандыктар 15 медаль утушту, анын үчөө алтын, төртөө күмүш жана 10 коло медаль.

Карина Данилина жана Калил кызы Айнуска чемпион аталышты. Экинчи орунду Артур Адамов, Максим Щербаков, Карина Малаева жана Тилек Калыгулов алышкан.

Ал эми үчүнчү орунду Айжан Исманова, Рафаэль Муратбеков, Алексей Трифонов, Тилек Калыгулов, Шамиль Мүсүралиев, Карина Малаева, Ангелине Поцелуева, Артур Байчоров жана Валентина Дрожжина ээлеген.

Ошондой эле 4*100 метр эстафетасында КРдан кыздардын курама командасы коло медаль утуп алышты.

Мария Пингина Кыргызстандын Ивановка айылында төрөлгөн. Ал советтик жеңил атлетчи, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери (1984), 4×400 метр аралыгындагы эстафетада олимпиада чемпиону.

Ал Сеулда өткөн олимпиадада Татьяна Ледовская, Ольга Назарова жана Ольга Брызгина менен бирге дүйнөлүк рекорд койгон. Бул жетишкендик азыркыга чейин кармалып турат.

Пикир

Оставить комментарий