Бишкек, 09.05.23./Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков жана Владимир Колокольцев жолугушту.
КР ИИМден билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн Москвада өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков Владимир Колокольцевди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.
"9-май Улуу Жеңиш күнү – бул өмүрүн аябастан өз мекенин коргоп, фашизмден бошоткон чыныгы баатырлардын-советтик адамдардын даңазалуу муунунун эрдиги үчүн элибиздин чексиз кубанычынын жана сыймыгынын жаркын майрамы.
Бул маанилүү күндө сиздерге жана ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына бекем ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм", - деди КР ИИМдин башчысы.
Министрликтин жетекчилери Россия өкмөтү менен КР министрлер кабинетинин ортосунда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө кирген маселелер боюнча электрондук түрдө маалыматтык өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Аталган макулдашуу ыкчам-кызматтык иштин ар кандай багыттары боюнча эл аралык укуктук базанын алкагында координацияланган иштин заманбап механизмдерин түзүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, 2019-2023-жылдарга кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн биргелешкен чараларынын Мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун натыйжалуулугу жана анын алкагында жүргүзүлүп жаткан "Издөө" ыкчам-түшүндүрүү операциясынын аяктаган биринчи этабынын оң натыйжалары белгиленди.
Россиялык ведомствонун башчысы кадрларды даярдоо жаатында, анын ичинде кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында мындан аркы көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Тараптар Россия менен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын ортосундагы достук жана көп кырдуу кызматташууну баса белгилеп, эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыгында мындан ары да чыңдала берерине ишеним билдиришти.
КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ форматтарындагы көп тараптуу кызматташууга жогорку баа берилди.
Пикир
Оставить комментарий