КР паратриатлон боюнча курама командасы Азия чемпионатында эки медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын паратриатлон боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 1 алтын, 1 күмүш медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, чемпионат Филиппиндин Субик-Бей шаарында 29-майда башталып 2-июнда жыйынтыкталды.

Айтунук Жоомарт кызы (коштоп жүрүүчүсү Ангелина Блиндус) алтын медалга ээ болсо, Гулназ Жүзбаева (коштоп жүрүүчүсү Юлия Фернас) 2-орунду ээлешти.

Курама команда башкы машыктыруучу Андрей Ханадеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий