• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"КР прокуратурасы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-июлунда "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР конституциялык мыйзамына кол койду.

Конституциялык мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Конституциялык мыйзамда мамлекеттик камсыздандыруу органдары камсыздандыруу суммасын төмөнкүдөй учурларда төлөп берери белгиленген:

1) прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатып, курман болгондо (өлүмгө учураганда). Курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча жыйырма орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Курман болгондун үй-бүлөсүнө кызматкер курман болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат;
2) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мындан ары кесиптик иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мертинүү же майыптык алганда, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:
а) I топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча он орточо айлык эмгек акы;
б) II топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча сегиз орточо айлык эмгек акы;
в) III топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча беш орточо айлык эмгек акы.

Конституциялык мыйзам прокуратура органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каралган төлөмдөрдүн тең өлчөмдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий