• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекке 70тен ашуун атайын техника алынып келди

Коом 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык ишканалар үчүн атайын техника жана жабдууларды сатып алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, атайын техникаларды тапшыруу аземине Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Белгилей кетсек, борбор калаага жалпысынан 76 атайын техника алынып келсе, анын 61и техника, 16сы жабдуу. Мындан тышкары, "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасына дагы бир атайын техника келүүсү күтүлүүдө.

Алсак, атайын техникалар "Бишкекжашылчарба", "Бишкексуучарба", "Бишкекжарык", "Бишкекшаарлифт", "Бишкекасфальтсервис", "Тазалык", ошондой эле "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканаларына алынды.

Алынган "жаңы техникалардын" арасында дөңгөлөктүү экскаватор, кран-манипулятор, автомунара, таштанды ташуучу унаа, сугаруучу унаа, тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү инсиниратор жана башкалар бар.

Пикир

Оставить комментарий