• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

КР СӨП башчысы Темир Сариев Германияда өткөн агро-көргөзмөсүнө катышты

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) башчысы Темир Сариев Германияда жыл сайын өтүүчү агро-көргөзмөсүнө катышты.

КР СӨПтүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Германиянын Айыл чарба бирикмеси Соода-өнөр жай палатасынын делегациясын тажрыйба алмашуу жана жаңы өнөктөштөрдү издөө үчүн чакырды.

Бул Европанын Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана техникасынын эң ири көргөзмөсү, эки миңден ашуун компания катышып, 26 павильондо ар кандай буюмдарды көрсөтүшөт.

Көргөзмөдө агротехниканын жана айыл чарбасынын акыркы өнүгүүлөрү чагылдырылган. Кыргыз делегациясы 400 миңден ашуун фермерлер менен жолугушууларды пландаштырууда.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын августунда Германиянын Айыл чарба бирикмеси менен биргеликте Ысык-Көлдө эл аралык агробизнес-форум өткөрүлгөн, ал жыл сайын өтүүчү иш-чара болуп калат.

Пикир

Оставить комментарий