• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

УКМК Анвар Габбазовдун "Айчүрөк" ААК менен кандай байланышы бар экенин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Анвар Габбазовдун "Айчүрөк" ААК менен кандай байланышы бар экенин түшүндүрдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарындагы “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Анвар Габбазовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо" беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды. А.Габбазов К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген.

Ошону менен бирге, иликтөө иштеринин жүрүшүндө “ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын негизги уюштуруучулары 2 юридикалык жак экендиги аныкталган. Тактап айтканда, уюштуруучулардын бири “ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын 47% акциясына ээлик кылган “Башкы универмаг” ЖЧКсы. Өз кезегинде “Башкы универмаг” ЖЧКсынын жалгыз негиздөөчүсү А.Габбазовдун апасы Маметова Анашхан Хашимахунова болуп саналат.

“ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын уюштуруучуларынын экинчиси “ЦУМ Холдинг” ААКсы (акциялардын 44%ына ээлик кылат). Ошол эле учурда “ЦУМ Холдинг” ААКнын жетекчиси болуп А.Габбазовдун аффилияцияланган адамы Абдыжапаров Болушбек Абдыжапарович эсептелет.

Ошол эле учурда “ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын соода жайларын жана кызматтык жайларды ижарага берүү “Сити Центр” ЖЧКсы аркылуу ишке ашырылат, анын жалгыз негиздөөчүсү А.Габбазовдун эжеси Хадия Илшатовна Маметова болуп саналат.

Ошондой эле “Башкы Универсал Дүкөн” ААКнын директору - Мухтаров Нурмамет Равкатович А.Габбазов жана анын бир тууганы Ришат Илшатович Габбазовдун Бишкек шаары, Восток кичи району 5, №33-үй 3-квартира дареги боюнча катталган.

Ошентип, “ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын чыныгы ээси Анвар Габбазов (азыркы Маметов) болуп саналат, ал аталган мүлктү өзүнүн аффилияцияланган адамдарына, анын ичинде жакын туугандарына каттаткан.

Пикир

Оставить комментарий