КР саламаттык сактоо министри ГАВИ Катчылыгынын жетекчиси менен жолугушту

Ден соолук 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Вакцина жана иммунизация боюнча Глобалдык альянстын (GAVI) Катчылыгынын жетекчиси Колет Селман жана ГАВИнин аймактык жетекчиси, Сем Мюллер менен жолугушуу өткөрдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушууда министр Бейшеналиев Кыргызстанда балдардын жана калктын ден соолугун коргоого кошкон баа жеткис салымы үчүн ГАВИ Катчылыгына терең ыраазычылык билдирди. Ал Эмдөө программасы өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы приоритеттүү программалардын бири экенин баса белгиледи. Регулярдуу пландуу эмдөө коомдук саламаттыкты сактоонун экономикалык натыйжалуу стратегиясы катары таанылып, балдардын оорусун жана майыптыгын олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет.

Министр Кыргызстандын эмдөө тармагындагы олуттуу ийгиликтерин белгиледи. Өлкө 2002-жылы полиомиелиттен эркин аймак катары таанылган. ГАВИнин техникалык жана каржылык колдоосу менен Кыргызстандын улуттук эмдөө календарына беш жаңы вакцина киргизилди. 2022-жылы АПВга каршы вакцина ийгиликтүү ишке киргизилип, максаттуу топтун 72%дан ашыгы камтылган.

Мындан тышкары, муздатуу чынжырын оптималдаштыруу Платформасын ишке ашыруунун аркасында саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасы жакшырды, адистештирилген муздаткыч жабдуулар жана вакциналарды ташуу үчүн транспорт каражаттары алынды.

Жолугушууда министр Бейшеналиев Селман менен Кыргызстанда “Иммунопрофилактика” программасын актуалдаштыруу маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл ГАВИ, КР Саламаттык сактоо министрлиги жана ЮНОКС уюму ортосунда улуттук вакцина кампасын куруу боюнча келишимге кол коюунун абалына бурулду, анын курулушуна ГАВИ тарабынан 1 млн 350 миң АКШ долларын бөлүнүп жатат. Ошондой эле келүүсү күтүлүп жаткан эмдөөнүн экинчи этабы үчүн кызамыкка жана кызылчага каршы вакциналар тууралуу талкуулашты.

Министр Бейшеналиев Селманга чың ден соолук, бакубатчылык жана жемиштүү ишмердүүлүк каалап, мындан ары да ийгиликтүү кызматташууга ишенимин билдирди. Ал ошондой эле Колет Селман менен Сэм Мюллерди 2024-жылдын 26-27-июнунда Бишкек шаарында өтө турган Борбор Азиядагы саламаттык сактоого инвестиция боюнча эл аралык форумга катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий