• 87
  • 90.43
  • 0.88

КР ТИМ башчысы менен казак элчиси Токаевдин Кыргызстанга боло турчу сапарын талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 30-апрелинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын КРдагы элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казакстан мамилелеринин актуалдуу жана учурдагы маселелерин талкуулашты.

Ошону менен бирге, Казакстандын президенти Токаевдин Кыргызстанга боло турган иш сапары кеңири талкууланды. Бул иш- чаранын алкагында биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашыруусуга өзгөчө көңүл бурулду.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты өз ара өнүктүрүү ниети билдирилди, кыргыз-казакстан дипломатиялык мамилелерин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий