• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын элчиси Грузиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Тбилиси шаарында президенттик резиденцияда Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев Грузиянын президенти Саломе Зурабишвилиге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи Кайрат Осмоналиев аземде Кыргызстандын эли Грузиянын элине болгон достук сезимдерин жана терең урмат-сыйларын баалай турганын белгилеп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн билдирди.

Элчи ошондой эле быйыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы (1992-жылдын 10-сентябры) жана Достук жана кызматташуу Келишиминин 25 жылдыгы (1997-жылдын 22-апрели) белгиленерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий