• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Өзбекстанга иш сапар менен барат

Саясат 0

Бишкек, 14.04.24./Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен барат. Ал 14-15-апрель күндөрү «Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» Стратегиялык диалогу форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышмакчы. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйындын күн тартибинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери бар.

Тараптар 2023-жылдын 19-июлунда Жидда шаарында өткөн Борбор Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын Биринчи саммитинин алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карашат.

Иш сапардын алкагында Кулубаев бир катар Борбор Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн жолугушууларын өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий