Азия чемпионаты – 2024: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 14.04.24./Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда Түштүк Корея өлкөсүнөн келген Сюн Жо аттуу балбан кызды 6:0 эсеби менен алдыга чыгып келе жатып туше ыкмасын колдонуп, таза жеңишке жетти.

Жарым финалда монголиялык спортчуну 13:3 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашат.

Эскерте кетсек, Сакура Мотоки менен Айсулуу Тыныбекова 2023-жылы Белград шаарында (Сербия) өткөн дүйнө чемпионатында кез келип, жыйынтыгында кыргызстандык спортчу жеңишке жетип, Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий