• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркиядагы мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Түркиядагы Turkcell Istambul Open эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Эл аралык мелдеш 19-21-март күндөрү Стамбул шаарында өтөт.

Спортчуну башкы машыктыруучу Евгений Петрашов коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен Стамбул шаарына жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий