• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мууздалган 13 жаштагы баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Бишкекте мууздалган 13 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 17-мартта саат 12:00дөр чамасында милицияга Мурас-Ордо конушундагы үйдөн баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу чалуу келип түшкөн. Каза болгон бала мууздалганы аныкталган.

Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү тергөө жана ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий