• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Футбол боюнча Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Футбол боюнча Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. Бул тууралуу бүгүн Азия футбол конфедерациясынын Париждеги конгрессинде белгилүү болгонун Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

"Азия футбол конфедерациясынын улуттук ассоциациялары Кытайды Азия Кубогун өткөрө турган тарап катары бекитти. Чечим бир добуштан кабыл алынды", - деп билдирет Футбол федерациясы.

2022-жылдагы Дүйнөлүк биринчилик жана 2023-жылдагы Азия Кубогуна тандоо оюндары күзүндө башталат. Ал эми, атаандаштар 17-июлда белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий