• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

КР ТИМдин 75 жылдыгына карата: Түрк кеӊешинин алкагында кызматташуу улана берет деп үмүттөнөбүз — Джусупов

Коом 0

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнүн 75-жылдыгына карата министрликтин үчүнчү саясий департаментинин директору Улан Калыгулович Джусупов менен болгон маекти сунуштайбыз.

2019-жылдын 15-октябрында Баку шаарында Түрк кеӊешинин Саммити болуп өттү. Кыргызстан кандай демилгелер менен чыкты?

— Өзүӊүздөргө белгилүү болгондой, ушул жылдын 15-октябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин Жетинчи Саммити Азербайжандын Баку шаарында болуп өттү. Бул Саммитте Түрк кеӊешине мүчө-мамлекет болгон Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын жана толук кандуу мүчө катары биринчи жолу Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Венгриянын Премьер-министри жана Түркмөнстандын Премьер-министринин орун басары катышты.

Саммиттин өткөрүлүүсү биздин бир тууган элдердин биримдигинин дагы бир белгиси болуп эсептелет жана эл аралык коомчулукка биздин жалпы максаттарга – экономикалык ѳнүгүүгѳ жана маданий биримдикке бирге жетишүүгѳ даяр экендигибизди, ошондой эле, биздин кеңири региондо тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга болгон умтулуубузду даңазалайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков өзүнүн сөзүндө, мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун дараметин көтөрүү зарыл экендигин, өзгөчө чакан жана орто ишкердикке колдоо көрсөтүү абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

Кыргызстан түрк өлкөлөрүнөн келген өнөктөштөр үчүн ар дайым ачык экендигин жана бүгүнкү күндө Кыргызстанда Түркия, Казакстан жана Өзбекстан менен көп сандагы биргелешкен ишканалар иштеп жаткандыгы тууралуу маалымдады.

Ошол эле мезгилде Кыргызстан азербайжандык жана венгриялык өнөктөштөр менен ишкердикти өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Саммиттин алкагында “Түрк кеӊешинин өлкөлөрүнүн ортосунда IT технологиялар боюнча жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну” сунуштады.

Бул уюмдун алкагында кызматташтыкты кеӊейтүүнүн келечектери кандай, өзгөчө экономика багытында?

— Түрк кеӊешинин саммиттери, салттуу түрдө, атайын бир темага арналат.

Өтүп кеткен Баку Саммити «Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү» темасына арналды. Кыргыз Республикасы, Түрк кеӊешинин алкагында экономика жана маданият чөйрөлөрүнө өзгөчө маани бергендигине байланыштуу, бул теманы колдоду.

Биздин пикирибиз боюнча, Кеңештин мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы тыгыз экономикалык интеграция улуттук өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр үчүн андан да ири рынокторду түзүүгө түрткү берет, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды жана жумушчу күчтөрдү колдонуу жолундагы тоскоолдуктарды кыскартуунун натыйжасында экономиканын өсүүсүн камсыздайт.

Боордош өлкөлөр болгондуктан, биз өз ара соода жана биздин өлкөлөргө инвестицияларды тартууга түрткү берүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулуу, ар тараптуу жана балансталган экономикалык өсүүнү, социалдык жана маданий өнүгүүнү жигердештирүү, ошондой эле логистика, транспорт, туризм жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү байланыштарды кеңейтүү зарылчылыгы тууралуу биздин өлкө башчыбыз С.Ш.Жээнбеков өткөн Баку Саммитинде сөз сүйлөдү.

Экономикалык кызматташуунун негизги максаты катары Түрк кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда товарларды, капиталды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды эркин жүгүртүүнү камсыз кылуу зарыл.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алкагындагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, өз ара аракеттенүүнү камсыздоо жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттерине, Түрк кеӊешинин мүчө-мамлекеттеринде азыркы мезгилде экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүп жаткан инвесторлорго колдоо көрсөтүү маанилүү.

Кыргыз Республикасы Азербайжандагы Саммитте төрагалыкты өткөрүп берди. Кыргызстандын төрагалык мезгилинде Түрк кеӊеши кандай жетишкендиктерге ээ болгондугу тууралуу сөз кылсак?

— 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Түрк кеӊешинин Алтынчы Саммитинде Уюмдагы төрагалык Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасы Кеңештеги төрагалыгынын учурунда Уюмду андан ары өнүктүрүү, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы иштиктүү жана жемиштүү кызматташтыкты, достук жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө боюнча мүмкүн болгон бардык күч-аракеттерди жумшоого аракеттенди.

Жалпысынан алганда, Түрк кеңеши түзүлгөндөн бери 55 иш-чара уюштурулса, анын ичинен 15и — Кыргыз Республикасынын төрагалыгы мезгилинде өттү.

Бул мезгилде эӊ маанилүү окуялардын бири болуп бул Өзбекстан Республикасынын Түрк кеӊешине толук кандуу мүчө катары киргендиги болду. Өткөн жылы Чолпон-Ата шаарындагы Саммитте Өзбекстандын Президенти Ш.Мирзиёев биринчи жолу Кеӊештин Саммитине катышкандыгын белгилеп кетүү керек.

Мындан тышкары, ушул жылдын 19-сентябрында Венгриянын Будапешт шаарында Түрк кеӊешинин Венгриядагы Өкүлчүлүгүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Уюмга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери катышып, венгер тарабына мындай демилгени көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдирип, венгер тарабы менен мындан ары тыгыз байланышта иштөөгө кызыкдар экендигин баса белгилешти.

Өзбекстандын Түрк кеӊешине толук кандуу мүчө болгондугу, албетте, түрк дүйнөсүндө жаңы баскычтын ачылышын жана Түрк кеңешинин ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн оң динамикасын көрсөтөт.

Европа Бирлигинин мүчөсүнүн бири болгон Венгриянын түрк дүйнөсүнө активдүү кызыкчылыктарды көрсөтүп жатканын ѳзгѳчѳ белгилеп кетким келет. Уюмдун Венгрияда жаӊы Өкүлчүлүгүнүн ачылышы Түрк Кеңешинин иштерине оң таасирин тийгизет жана Европа менен кызматташтыкты бекемдөөгѳ салымын кошот деп ишенебиз. Венгрия Европалык өнөктөштөр менен өз ара мамилелерде, Түрк Кеңешинин кызыкчылыктарынын ишенимдүү жактоочусу болооруна жана Европа Бирлигинин ийгиликтүү иш тажрыйбасы менен бөлүшөѳрүнѳ ишенебиз.

Жалпысынан, Кыргызстандын Уюмда төрагалыгы натыйжалуу болгондугун жана Уюмдун негиз түзүүчү документтерине ылайык тең укуктуулук жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоо принциптердин негизинде жүргүзүлгөндүгүн белгилеп кетүү керек.

Мындан ары дагы Түрк кеӊешинин алкагында ийгиликтүү кызматташуу улана берет деп үмүттөнөбүз.

Маегиңизге рахмат!

Пикир

Оставить комментарий