• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

КР ТИМдин 80 жылдык мааракеси. Монголиянын тышкы иштер министри куттуктоо катын жолдоду

Саясат 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге Кыргызстандын ТИМнин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата, ошондой эле Нооруз майрамына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

Батмунхийн Батцэцэгдин куттуктоосунда төмөнкүлөр айтылат:

«Сизди жана министрликтин бардык кызматкерлерин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы менен, ошондой эле күн менен түндүн теңелген күнүндө, жаздын символу болгон Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздердин министрлик Кыргыз Республикасынын аброюн жана Борбордук Азия чөлкөмүндө гана эмес, эл аралык аренада да позициясын бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт.

Ошондой эле, Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамилелерди тереңдетүүгө жана чыңдоого, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо Сиз менен, Улуу Мартабалуу Жээнбек Молдоканович, тыгыз кызматташууга кубанычтамын.

Учурдан пайдаланып, Сизге жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине бакубатчылык, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий