• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кулубаев Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Лакителек аймагында Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Шандор Лежак менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 24-июлда КР ТИМ башчысынын Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында өттү.

Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну, эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосундагы байланышты активдештирүү, анын ичинде ТүркПА алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Министр Кулубаев Лежакка Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петр Сийярто менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жана Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин 3-жыйыны тууралуу кыскача маалымат берип, анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнүн кеңири спектрин талкуулашканы тууралуу маалымдады.

Жолугушууда эки өлкөнүн жаштарынын билим алуу маселелери талкууланды. Министр Жээнбек Кулубаев Венгриянын «Stipendium Hungaricum» стипендиялык программасынын алкагындагы иштерди канааттануу менен белгиледи, анын алкагында Кыргызстандын студенттери жыл сайын Венгриянын алдыңкы университеттеринде гранттык негизде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. 2023-жылдын 13-14-февралында Будапештте өткөн Биринчи кыргыз-венгер ректорлор конференциясынын жыйынтыктары да оң бааланды. Тараптар мындан ары билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ушуга байланыштуу Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Шандор Лежак өзү түзгөн Лакителек Элдик институтунун ишмердүүлүгү, анын алкагында дүйнө тилдери жана маданияты изилденип жаткандыгы, Венгриянын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары менен студенттери үчүн билим берүү долбоорлору жана программалары ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Министр Кулубаев институттун ишмердүүлүгү менен таанышты. Институттун долбоордук ишинин маанилүү багыттарынын бири түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин каада-салттарын жана маданиятын сактап калуу экендиги белгиленди.

Жолугушууда быйылкы маанилүү даталарды – Кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгын жана венгер акыны Ш.Петёфинин 200 жылдыгын эске алуу менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий