КР ТИМи Йемендин аймагынан Жизан шаарына жасалган ракеталык чабуулдарды кескин айыптады

Саясат 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылы 19-мартта Йемендин аймагынан Сауд Арабия Падышалыгынын Жизан шаарындагы жарандык жана өнөр жай объекттерине зыян келтирген ракеталык чабуулдарга терең тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

"Министрлик аймактагы зордук-зомбулуктун жана чыңалуунун күчөшүнө алып келген, ошондой эле жарандык калктын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирген бул аракеттерди кескин айыптайт.

Министрлик достук элине жана Сауд Арабиянын өкмөтүнө колдоо көрсөтөт жана чыр-чатактардын тез арада саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салынуусун үмүт кылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий