• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

КР ТИМи жарандарга Россияга кирүүдө жаңы процедуралар киргизилерин эскертет

Коом 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Россиянын аймагына кирүүдө жаңы процедуралар киргизилерин эскертет.

ТИМден билдиришкендей, РФ өкмөтүнүн чечимине ылайык, 2024-жылдын 1-декабрынан тартып Россияда чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар өлкөгө кирип-чыгууда биометрикалык маалыматтарын тапшыруу боюнча эксперимент башталат.

"Кыргызстандын жарандары Россиянын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, ошондой эле Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Биометрикалык маалыматтарга бетти санарип сүрөткө тартуу жана манжалардын папиллярдык издерин сканерлөө кирет", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик Кыргызстандын жарандарын Россиянын мыйзамдарынын талаптарын эске алууну жана жогоруда аталган чек ара бекеттеринде кошумча процедураларга алдын ала даяр болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий