• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузакта жергиликтүү тургундун үйүнөн 2 кг баңгизат табылды

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Сузак районунун жергиликтүү тургунунун үйүнөн 2 килограммга жакын баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июлда милицияга Сузак районунун аймагында "А" аттуу жаран ири өлчөмдө баңгизатын сатып жана таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "А" аттуу жарандын өздөгү аныкталып, ал Сузак айылынын тургуну 1997-жылы туулган Х.Т.А. болуп чыккан.

"11-август күнү шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда короосундагы сарайдан каптарга салынган банкалардын арасынан 2 даана скочт менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар салмагы болжол менен 2 килограммга жакын баңгизаты табылды", - деп айтылат маалыматта.

Алынган заттарды так аныктоо максатында атайын соттук-химиялык экспертиза дайындалып, шектүү райондук милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий