• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанга баасы дээрлик 20 млн сомду түзгөн кол сааттарын алып кирүүгө аракет жасашкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Кыргызстанга баасы дээрлик 20 миллион сомду түзгөн кол сааттарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет жасашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМК кызматкерлери менен бирге бажы мыйзамдарын бузууну табууга жана алдын алууга багытталган иш-чаралардын алкагында сааттарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташкан.

Малайзиядан эл аралык почта рейси менен келген «Элдик-Экспресс» ЖЧКнын дарегине келген аба жүктөрүнө бажылык текшерип кароосун өткөрүүдө кол сааттар, анын ичинде «Bernhard H. Mayer» маркасындагы сааттар жана көрсөтүлгөн жөнөтүү документтеринде жана жүктү алуучулардын реестринде маалыматтарга ылайык келбеген башка товарлар табылган.

КР Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасы боюнча, кармалган товарлардын орточо базар баасы 19 млн 807 миң 532 сомду түздү. Мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 4 млн 7 миң 815 сомду түздү.

Чогулган материалдар КБР МКЖ АДСке катталып, негизи боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий