• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

КР жана РФ жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова видео байланыш аркылуу сүйлөштү.

Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктардын нормаларына ылайык коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу талкуулашты.

Кыргызстандын акыйкатчысы жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Россиядагы кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо, ошондой эле Кыргызстандагы Россиянын жарандарынын укуктары боюнча биргелешкен иш-аракеттердин зарылдыгы боюнча пикир алышты.

Жамиля Жаманбаева Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча институттардын ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгөрүнө ишенерин айтты.

Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын акыйкатчы институту Москва шаарынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Потяевага Москва шаарындагы 2-абакта жаткан Кыргызстандын жаранына карата көмөгү үчүн ыраазычылык билдирерин баса белгиледи.

Татьяна Москалькова Россиядагы кыргызстандык мигранттардын жүрүү шарттарын жеңилдештиш үчүн мыйзамдуу деңгээлдеги чаралар колдонулуп жатканын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын акыйкатчысы жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого байланыштуу бир нече маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

Негизинен адам укуктары жаатында Россиянын мыйзамдарын билүүгө ыктыярчыларды же болбосо волонтерлорду даярдоо боюнча көмөктөшүү тууралуу да сүйлөшүү жүрдү.

Ыктыярчылар — укуктары бузулган кыргызстандык мигранттарга жардам бере турган Россиянын жарандары болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий