• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бир катар бажы кызматкерлери квалификациясынын деңгээлин жогорулатты

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-декабрынан тартып 10-декабрына чейинки мезгилде Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин көмөгү менен Адистештирилген окутуу бажысынын базасында “Бажы наркын жана бажы төлөмдөрүн аныктоо” темасында курстар болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Семинардын жүрүшүндө Россиянын Бажы академиясынын лектору – Ольга Сокольникова тартылды. Бажы кызматынын 12 кызматкери окутуудан өттү.

Мындан тышкары, ушул жылдын 6-декабрынан тартып 10-декабрына чейинки мезгилде Адистештирилген окутуу бажысында Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин көмөгү менен “Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча чөйрөсүндө алгачкы тергөө тенденциялары жана жол-жоболору” темасында курстар болуп өттү. Бажы кызматынын 8 кызматкери окутуудан өттү.

Семинардын жүрүшүндө ЕККУнун эксперттери – Шамил Бердалиев, Чыңгыз Бекенов жана Динара Бекиева тартылды. Курстарды аяктагандан кийин бажы кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий