• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

КР Жарандык авиация агенттигинин делегациясы иш сапары менен Катарда болду

Коом 0

​​​​​​Бишкек, 21.09.24. /Кабар/. 15-16-сентябры аралыгында КР министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов баштаган делегация иш сапары менен Катарда болду.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, делегациянын иш сапары Кыргызстандын Катардагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулду.

Аталган сапардын жүрүшүндө Бостоновдун Катардын Транспорт министри Жассим бин Сейф Аль-Сулайти, Жарандык авиация башкы башкармалыгынын директору Мухаммад бин Фалих Аль-Хажирий, Катар Аэронавигациялык академиясынын башкы директору шейх Жабир бин Хамад Аль Тани жана Qatar Airways компаниясынын Авиация саясаты боюнча вице-президенти Фатхи Ати менен эки тараптуу жолугушуулар өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Бишкек – Доха шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын жакынкы мезгилде ачуу жана авиация тармагында тажрыйба алмашуу, анын ичинде жаш кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде катар тарап кыргыз тарап менен авиация тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын жакынкы келечекте ачууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн, тыгыз кызматташууну улантуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий