• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

КР жараны Казакстанга башка бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Чек арачылар Казакстанга башка бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет кылган кыргызстандыкты кармады,-деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, күн мурун “Акжол унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында мамлекеттик чек ара режимин бузуп, башка бирөөнүн паспорту менен Кыргызстандын жараны кармалган.

1983-жылы туулган Н.Е., аттуу Кыргызстандын жараны көзөмөл-өткөрмө жайында 1994-жылы туулган башка жарандын паспортун көрсөткөн.

Ал Казакстанга бара жаткан.

Бардык тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жаран КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий